ЖҮРӨК ООРУЛАРЫНЫН ТОБОКЕЛДИК СТРАТИФИКАЦИЯСЫНДА ЖАНА ПРОГНОЗДУК БААЛООДО ЖАНА ДИАГНОСТИКАДА ЭКГ ИЙРИ СЫЗЫГЫНЫН МАТЕМАТИКАЛЫК АНАЛИЗИНИН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ (conference paper)

Айдай И. Искендерова, Бектур С. Данияров

Аннотация

Абстракт. Жүрөк-кан тамыр өлүмүнүн негизги себептеринин бири көбүнчө коронардык артериялардын тромбозунан жана атеросклеротикалык бляшканын жарылышынан келип чыккан миокард инфаркты болуп саналат. Миокард инфарктын өз убагында аныктоо жана  дарылоо,  миокард инфарктын натыйжаларын жакшыртуу жана өлүмдү азайтууда чечүүчү мааниге ээ.

Максаты. Миокард инфарктын эрте аныктоо үчүн электрокардиограмманы анализдөө боюнча адистештирилген программалык камсыздоону алдын ала версиясын, айрыкча ресурстары чектелген саламаттык сактоо мекемелеринде иштеп чыгууну сунуштоо. Программада жүрөктүн сол карынчасынын капталынын ишемиялык бузулушун чагылдырган ЭКГнын I, aVL, V5 жана V6 жолдоруна көңүл буруунун мисалы колдонулат жана сол карынчанын жүрөк капталынын курч миокард инфарктынын ыктымалдуулугу көрсөтүлөт.

Усулдар жана материалдар. Изилдөө дени сак адамдардын жана миокард инфаркт диагнозу коюлган бейтаптардын ЭКГ анализине негизделген жана 1-Mendeley базадан алынган. ЭКГнын маалыматтарын иштеп чыгуунун заманбап ыкмалары, анын ичинде миокард инфарктынын белгилерин так аныктоого мүмкүндүк берген ЭКГ ийри сызыктарындагы критикалык чекиттерди аныктоо жана интерполяциялоо алгоритмдери колдонулат.

Жыйынтыктар жана корутундулар. Иштелип чыккан система миокард инфарктын диагностикалоодо автоматташтырылган ЭКГ анализинин мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, ресурстун чектелген шарттарында диагностикалык процедураларды өркүндөтүү үчүн маанилүү инструментти камсыз кылат. Бул өнүгүү миокард инфарктын эрте аныктоо багытында олуттуу кадам болуп саналат. Программаны андан ары иштеп чыгууда ЖИО менен ооругандарды дарылоонун прогнозуна жана тактикасын тандоого карата ЭКГнын маалыматтык маанисин жогорулатууга тийиш болгон QRST ийри сызыктардын тымызын өзгөрүүлөрүн баалоо жаңы индекстерин алууга мүмкүндүк берет. Курч коронардык синдромдо бул бейтаптардын абалын жана тобокелдик стратификациясын тез баалоосун камсыз кылат. Бул кымбат баалуу жогорку технологиялык жабдуулардын жетишсиздиги менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө өзгөчө актуалдуу.