ЯЗДУУ КОЛИТИ МЕНЕН ООРУГАН БАЛДАРДЫН ЦИТОКИНДИК ПРОФИЛИ

КОЖОНАЗАРОВА Г.К.

Негизги сөздөр:

БАЛДАР, ЯЗДУУ КОЛИТ, ИНТЕРЛЕЙКИНДЕР, ЦИТОКИНДИК ПРОФИЛЬ, БЕЙТАПТАР

Аннотация:

Киришүү. Балдарда спецификалык эмес яздуу колитти изилдөөдө олуттуу прогресске карабастан, азыркы этапта этиология жана патогенездин бүдөмүк маселелери сыяктуу бир катар чечилбеген маселелер бар. Педиатриялык практикада спецификалык эмес яздуу колиттин көйгөйлөрү болуп, диагноз коюунун кыйынчылыктары, оорунун оордугу жана өзгөчөлүктөрү, дары-дармектик таасирди тандоо кыйынчылыктары калууда. Изилдөөнүн максаты яздуу колит менен ооруган балдардын цитокиндик профилин изилдеп, ошонун негизинде медициналык мониторинг программасын иштеп чыгуу болгон. Изилдөө Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун гастроэнтерология бөлүмүндө жүргүзүлдү. Яздуу колит диагнозу коюлган 30 бала жана көзөмөл тобу катары кызмат кылган 30 баланын тамак сиңирүү трактынын функционалдык бузулуулары изилденди. Төмөнкү цитокиндердин деңгээли аныкталды: провоспалдык топко кирген интерлейкиндер 1 (IL-1), 6 (IL-6) жана шишик некроз фактору (TNFα), ошондой эле анти-воспалдык цитокиндердин тобунан интерлейкин 4 (IL-4).

Алынган жыйынтыктар. Тилкеленүүнүн локализациясына жараша оору бир нече түргө бөлүнөт. Ири ичегинин төмөнкү бөлүктөрүнүн жабыркашы эң көп катталган, 40,0% яздуу проктит жана 46,7% яздуу проктосигмоидит диагнозу коюлган. Ооруунун баштапкы стадиясында дарыланбаган балдарда айкын сезгенүү реакциясы байкалган, бул клиникалык симптомдордон тышкары, цитокиндик профилдин өзгөрүүсү менен да байкалган. Мунун тескерисинче, көзөмөл тобундагы тамак сиңирүү трактынын функционалдык бузулуулары бар балдарда, провоспалдык жана анти-воспалдык интерлейкиндердин деңгээлинде өзгөрүүлөр байкалган эмес. Дарылоодон кийин кээ бир балдарда цитокин деңгээли нормадан жогору бойдон калган. Өзгөчө, IL-6 деңгээли балдардын эң көбүндө жогору болгон (36,7%), андан кийин TNFα 33,3% бейтаптарда жана IL-1 23,3% (P > 0,05) жогору болгон. Ошондой эле, дарылоо учурунда IL-4 деңгээли 43,3% балдарда жогору болгон, бул оорууга карата иммундук жооптун жакшы экенин көрсөтөт (P > 0,05).

Жыйынтыктар. Цитокиндик профилдин маалыматтарын, өзгөчө яздуу колиттин негизги терапиясында, оорунун татаалдашкан формаларынын эртерээк өнүгүүсүн алдын алуу максатында, дарылоону жөнгө салуу үчүн колдонуу керек.