1 ТИПТЕГИ КАНТ ДИАБЕТИ МЕНЕН ООРУГАН БАЛДАРДЫН ЖАНА ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЖАШОО САПАТЫ

ИСАКОВА Ф.Б., АЛЕКСЕЕВ В.П.

Негизги сөздөр:

ЖАШОО САПАТЫ, БАЛДАР ЖАНА ӨСПҮРҮМДӨР, 1 ТИПТЕГИ КАНТ ДИАБЕТИ МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАПТАР ЖАНА СОО БОЛГОН КАТЫШУУЧУЛАР

Аннотация:

Макалада 1 типтеги кант диабети менен ооруган балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашоо сапатын (ЖС) баалоонун жыйынтыктары берилген. 1 типтеги кант диабети (КД1) менен ооруган ар кандай жыныстагы 100 бейтап жана шаардык жана айылдык аймактарда жашаган 76 соо бала, ошондой эле алардын ата-энелери PedsQoL™ 4.0 сурооломосу менен сурамжылоодон өтүштү. Төмөнкү параметрлер бааланды: физикалык, эмоционалдык, социалдык, рөлдүк (мектеп) иштөө, психосоциалдык ден соолук жана жашоо сапатынын жалпы көрсөткүчү. Диабет менен ооруган бейтаптардын жана соо адамдардын жашоо сапатын баалоодо курак, жыныс жана жашаган жер боюнча олуттуу айырмачылыктар аныкталды.