ЖАТЫНДЫН ЖАКШЫ ЖАНА ЫРААК АШТООЧУ ШИШИКТЕРИ БАР АЯЛДАРДАГЫ КОМОРБИДДИК ПАТОЛОГИЯ

ФИРМАН А.А., ЕФРЕМОВ А.В., УЗАКОВ О.Ж., МАСЫБАЕВА А.А.

Негизги сөздөр:

ЖАТЫНДЫН РАКЫ, ЖАТЫНДЫН МИОМАСЫ, КОМОРБИДДИК ПАТОЛОГИЯ

Аннотация:

Иштин максаты - жатындын жакшы жана зыяндуу оорулары бар аялдардын коморбиддик патологиясын талдоо. 436 аял изилденген, алардын ичинен биринчи топ жатын миомасы диагнозу коюлган 101 бейтаптан турган. Экинчи топко жатын рагы менен ооруган 290 аял кирген. Контролдук топ – ошол эле курактагы 45 ден-соолугу чың аялдар. Изилдөөдө анамнестикалык, инструменталдык жана лабораториялык методдор колдонулган. Ооруган аялдардын тобунда гинекологиялык патологиянын айкын кездешүүсү байкалган; гипертония, өнөкөт холецистит, семирүү жана 2 типтеги шекер диабетинин кездешүү жыштыгы жогору болгон. Бул соматикалык оорулардын эң жогорку жыштыгы жатын рагы менен ооруган аялдар тобунда катталган.