БАЛДАР ИНСУЛЬТУНУН ЭТИОЛОГИЯЛЫК ЖАНА КЛИНИКАЛЫК АСПЕКТИЛЕРИ

КАДЫРОВА А.Ш, АТЫКАНОВ А.О.

Негизги сөздөр:

БАЛДАР, ИШЕМИЯЛЫК ИНСУЛЬТ, ГЕМОРРАГИЯЛЫК ИНСУЛЬТ

Аннотация:

Бул иште такталган инсульт диагнозу бар 21 баланын изилдѳѳлѳрүнүн маалыматтары келтирилген, анын ичинен ишемиялык инсульт менен ооруган 14 бала жана геморрагиялык инсульт менен ооруган 7 бала. Изилдѳѳлѳр 2014-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык балдар тез медициналык жардам клиникалык ооруканасында жана «Кортекс» клиникасында жүргүзүлгөн. Балдардын орточо жашы 5,3±2,2 жашты түздү. Инсульт болгондордун 47,5,4%ында себептери аныкталган эмес. Клиникалык симптомдордо титиреп-калтыроо (52%) жана гемиплегия (34%) басымдуулук кылган.