КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ОФТАЛЬМОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТТЫН АЗЫРКЫ АБАЛЫ

Ч.С. Базарбаева, Л.Б. Гогаева

Негизги сөздөр: көз оорулары, жеке жана бюджеттик клиникалар, окутуу, оорулуулук, сокурдук


Аннотация

Кыргызстанда офтальмологиялык кызматтын өз алдынча түзүм катары калыптанышы 1926-жылы Фрунзе шаарында алгачкы амбулатордук көз кабинети ачылган учурдан башталат. Жыл өтпөй, аскердик ооруканада көз жана ЛОР ооруларын дарылоого арналган 20 керебеттүү аралаш бөлүм ачылып, ал 1935-жылга карата 25 керебеттүү шаардык ооруканада өз алдынча офтальмологиялык бөлүмгө айландырылган. Ошол эле учурда республиканын өз адистерин даярдоо максатында, 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун (КММИ) базасында көз оорулары кафедрасы түзүлгөн.

 

Шилтеме