РЕПРОДУКТИВДҮҮ ЖАШТАГЫ АЯЛДАРДАГЫ ЭНДОМЕТРИОИДДИК КИСТАЛАРДЫ ДАРЫЛООНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН БААЛОО

С.Б. Сулаиманов, С.Ш. Сулаиманова, А.Ж. Жолдошбеков

Негизги сөздөр: аялдар, эндометриоиддик кисталар, лапароскопия, Визанна, дарылоонун клиникалык ийгилиги


Аннотация

Азыркы учурда жыныстык эндометриоз менен жабыркаган аялдарды дарылоонун тактикасы хирургиялык жана гормоналдык терапиянын айкалышына негизделет. Контрацепциядагы жетишкендиктер жана прогестагендерди өркүндөтүү жаңы касиетке ээ болгон препараттарды түзүүгө мүмкүндүк берип, дифференциалдык терапиянын жаңы жолдорун ачты. Диеногест (Визанна) прогестагени башкасына караганда, прогестагендик туундулардын жана норстероиддердин касиеттерин айкалыштырган "гибриддик" прогестаген катары белгиленет. Оорунун кайталануу жана андан ары өрчүшү көбүнчө тукумсуздукка дуушар болгон аялдарга таасир этет.

 

Шилтеме