ЖАШЫЛ ТАМЕКИНИН БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ КОРГООЧУ МЕХАНИЗМДЕРГЕ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Белов Г.В., Закирова Т.А., Талантбекова Н.Т.

Негизги сөздөр:

ЖАШЫЛ ТАМЕКИ ООРУСУ, НИКОТИН, БАЛДАР, ФИЗИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ, СУРФАКТАНТ, ПЕРОКСИДАЦИЯ, ИММУНОГЛОБУЛИН ТАМЕКИ 100ДӨН АШУУН ӨЛКӨДӨ ӨСТҮРҮЛӨТ

Кыскача мазмуну:

Кыргызстандын тамекечилик чарбаларында жашыл жалбырактар жана кургатылган тамеки чийки заттары менен иш көбүнчө репродуктивдүү курактагы аялдар тарабынан үй шарттарында жүргүзүлөт. Өндүрүшкө орто жана жогорку класстын окуучулары тартылат. Мектепке чейинки жана башталгыч класстын окуучулары өндүрүштө иштеген энелеринин жанында көп убакыт болушат. Бул иш Ош облусундагы тамекечилик чарбаларында жашаган 100 баланын физикалык өнүгүүсүн жана дем алуу системасынын жергиликтүү коргоочу механизмдеринин абалын баалоого багытталган. Салыштыруу тобуна ошол эле райондордо жашаган багбанчылык жана жашылчачылык чарбаларындагы курагы бирдей 100 бала кирди. Изилдөөнүн жыйынтыктары негизги топто аллергиялык ринит жана атопиялык дерматиттин жыштыгы жогору экенин, алардын физикалык өнүгүүсүнүн артта калганын жана дем алуу жана иммундук системалардын коргоочу механизмдеринин төмөндөгөнүн көрсөттү. Мурундан алынган тампондордун жана дем алган абанын конденсатынын беттик активдүүлүгүнүн төмөндөшү, мурун кынындагы тампондордо нейтрофилдер жана эозинофилдердин көбөйүшү, сары суулук IgM жана IgGнин деңгээлинин жогорулашы липиддик пероксидациянын активдешкенин көрсөттү. Бул тамекинин жергиликтүү шарттарда иштетүү жана сактоо учурунда балдарга тийгизген таасирин тастыктайт.