Выберите год:
БАЛДАР ИНСУЛЬТУНУН ЭТИОЛОГИЯЛЫК ЖАНА КЛИНИКАЛЫК АСПЕКТИЛЕРИ
Кадырова А.Ш., Атыканов А.О.
Аннотация
Бул иште такталган инсульт диагнозу бар 21 баланын изилдѳѳлѳрүнүн
маалыматтары келтирилген, анын ичинен ишемиялык инсульт менен ооруган 14 бала
жана геморрагиялык инсульт менен ооруган 7 бала. Изилдѳѳлѳр 2014-2020-жылдар
аралыгында Бишкек шаардык балдар тез медициналык жардам клиникалык
ооруканасында жана «Кортекс» клиникасында жүргүзүлгөн. Балдардын орточо
жашы 5,3±2,2 жашты түздү. Инсульт болгондордун 47,5,4%ында себептери
аныкталган эмес. Клиникалык симптомдордо титиреп-калтыроо (52%) жана
гемиплегия (34%) басымдуулук кылган.
Ачкыч сөздөр: балдар, инсульт, ишемиялык инсульт, геморрагиялык инсульт.
СҮЙЛӨӨ КЕБИНИН ѲѲРЧҮҮСҮ КЕЧЕҢДЕГЕН БАЛДАРДЫ РЕАБИЛИТАЦИЯЛОО СИСТЕМАСЫНА ЭРТЕ КИЙЛИГИШҮҮ
Арыкпаева Ч.С., Атыканов А.О.
Аннотация
Бул иште Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо боюнча
адистештирилген борборунда жүргүзүлгөн сүйлөө кебинин өнүгүүсү кечеңдеген 26
баланын реабилитациясы боюнча эрте кийлигишүүнүн натыйжалары берилген.
Көрүлгөн чаралар балдардын 50%да сүйлөө кебинин пайда болушуна жетишүүгө
мүмкүндүк бергени, ал эми 19,2%ында сөздөр жана сөздөрдүн так айтылышы,
ошондой эле кепти түшүнүү бар экендиги көрсөтүлгөн. Бул балдардын 38,4%ын бала
бакчаларга, мектепке чейинки мекемелерге барууга жана 15,4% балдар
коллективинде социалдаштырууну камсыз кылууга мүмкүндүк берди.
Ачкыч сөздөр: балдар, эрте кийлигишүү, сүйлөө кебинин ѳнүгүүсүнүн кечигүүсү,
реабилитация.
АЗМИ СТУДЕНТТЕРИНИН КѲЗ КАРАШЫНДА ОН- ЛАЙН БИЛИМ БЕРҮҮ (2020-ЖЫЛДЫН БИРИНЧИ, ЭКИНЧИ СЕМЕСТРЛЕРИНДЕГИ ОН-ЛАЙН ОКУТУУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА)
Бакытбек Б. Куламбаев
Аннотация
Күтүлбөгөн жерден коронавирус (COVID-19) эпидемиясынын башталышы
жогорку окуу жайларын тез арада онлайн окутуу форматына өтүүгѳ мажбурлады.
Бул илимий изилдөө ишинде билим берүүнүн бул түрүнө студенттердин өздөрү
тарабынан баа берүүлѳрү менен онлайн билим берүүгө өтүүнүн баалуу тажрыйбасы
чагылдырылган. Студенттер өздөрү онлайн окуунун артыкчылыктары менен
кемчиликтерин оффлайн окуу менен салыштырышып, окуу процессин жакшыртуунун
жолдорун сунушташкан.
Ачкыч сөздөр: COVID-19 пандемиясы; онлайн билим берүү; онлайн курстар;
билим сапаты; студенттердин канагаттануусу; жогорку билим; интернет.
БАТОН ЕС ИНСЕКТОАКАРИЦИДДИН ТААСИРИНИН АСТЫНДА КАНДЫН БИОХИМИЯЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮНҮН ӨЗГӨРҮҮЛӨРҮ
М.А.Марупова, Ж.Т.Мамасаидов, Я.Х.Назарова
Аннотация
Бул макалада Өзбекстан Республикасынын Фергана өрөөнүндөгү бакчаларында колдонулган пестициддердин терс таасирлери талкууланат. Инсектоакарицид Батон ЕСтин курамы жана колдонулушу изилденген. Тамак-аш азыктарында жана башка объекттерде калдыктардын болушу менен байланышкан коркунучтарга көп көңүл бурулган. Батон ЕСтин эксперименталдык жаныбарлардын биохимиялык көрсөткүчтөрүнө тийгизген таасири далилденген. Жалпы белоктун синтезинин же ажырашынын төмөндөшү жана кандын сывороткасында азот жана пигменттик метаболизмдин жогорулашы аныкталган, бул инсектоакарициддик өнөкөт ууланууда боордун жана бөйрөктүн функционалдык абалынын бузулушун көрсөтүп турат.
Ачкыч сөздөр: пестицид, инсектоакарицид, Батон, креатинин, билирубин, АЛТ, АСТ, коррекция.
ЭНЕНИН ЖАНА БАЛАНЫН ДЕН СООЛУГУНА КОРГОНУН ТАСИРИ
Сабырдилда Ж.С., Кумар А.Б., Кошербаева Л.К.