БЕЙТАПТАРДЫН БѲЙРѲКТҮН ѲНѲКѲТ ООРУСУНДАГЫ ТРАНССУДАТИВДИК СУЮКТУК МЕНЕН ЧЕЛДИН ТОЛУШУНДА БЕТАДИН ЖАНА ГЛЮКОЗА МЕНЕН ХИМИЯЛЫК ПЛЕВРОДЕЗИ
А.А. Егай, Б.Х. Бебезов, А.Т. Казакбаев, А.Э. Тентимишев, А.М. Фейгин
Аннотация
Суюктуктун толушу (СТ) – ар кандай факторлордун таасирлердин негизинде ѳпкѳ кабына суюктуктун топтолушу жана 80ден ашык оорунун симптому болуп саналат. Аныктоонун иш-чарасы катары СТны экссудат жана транссудатка бѳлүү негизги жолу болуп саналат. Экссудативдик суюктук толуу бул чел кабыктагы сезгенүү процессинин жүрүшү ошол эле учурда транссудативдик СТ организмдин системалык бузулушунун кесепети болуп саналат. Транссудативдик СТ кѳп учурда топтолгон жүрѳк жетишсиздигинин, боор жана бѳйрѳк жетишсиздигинен бейтаптардын ѳзгѳчѳ алардын терминалдык стадиясында, бейтаптын абалынын декомпенсациясынын индикатору катары кѳп жолугат. Торакоцентеза процедураларын жүргүзүү менен СТ эвакуациялоо менен энтигүүнү токтотуунун майнаптуу жолу болуп саналуусунда чоң кѳлѳмдѳгү суюктук дем алуунун жетишсиздигин пайда кылышы мүмкүн, муну менен бул категориядагы бейтаптардын оор ахыбалын ого бетер начарлатат. Химиялык плевродез (ХП) – бул процедура, облитерация кылуу максатында атайын багытталган чел кабыктын жалбыракчаларын күйгүзүү. ХП бир канча он жылдардан бери залалдуу СТ менен ооруган бейтаптарга колдонулуп келет. Ошондой эле биринчи чел кабыктын жабыркашында жана ошондой эле экинчи жолу жабыркашында да колдонулат. Плевродез үчүн агентти тандоодо анын майнаптуулугуна, коопсуздугуна жана мүмкүн болгондугуна негизделиши керек. Бул маселенин кенен изилденгенине карабай, иделдуу плевросклерозантка мурункудай эле издѳѳ жүрүп жатат. Транссудативдик СТ плевродез индукциясынын суроолору андан дагы аз изилденген. ХСТ биздин ѳлкѳдѳ мурда залалдуу аймактарында гана колдонулуп, интраплевралдык салттуу антинеопластикалык каражаттар киргизилет. Бул макаланын максаты – ѳнѳкѳт бѳйрѳк оорулары менен ооруган бейтаптардын СТ оорусунда ХПнын каражаты катары бетадинди колдонуудагы майнаптуулугу жана колдонуу мүмкүнчүлүгүн баалоо. Материал жана усулдар: Изилдѳѳлѳр транссудативдик СТ менен жабыркаган ѲБО менен ооруган 6 бейтапка жүргүзүлгѳн. Жыйынтыктары. Бардык 6 бейтаптын ѳпкѳлѳрүнүнүн чел кабыктын дренажына суюктуктун келишинин токтошу түрүндѳгү жакшы майнаптуу ийгиликке жетиштик. Жыйынтык. Бетадин жана глюкозаны колдонуу менен плевродезди ѲБОдун кайталанган транссудативдик СТда оорулууларды дарылоодо майнаптуу жана коопсуз ыкмасы болуп саналат.
Чечмелѳѳчү сѳздѳр: суюктук толуу (плевральный выпот), бетадин, химиялык плевродез, ѳнѳкѳт бѳйрѳк оорулары.