АЗМИ СТУДЕНТТЕРИНИН КѲЗ КАРАШЫНДА ОН- ЛАЙН БИЛИМ БЕРҮҮ (2020-ЖЫЛДЫН БИРИНЧИ, ЭКИНЧИ СЕМЕСТРЛЕРИНДЕГИ ОН-ЛАЙН ОКУТУУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА)
Бакытбек Б. Куламбаев
Аннотация
Күтүлбөгөн жерден коронавирус (COVID-19) эпидемиясынын башталышы
жогорку окуу жайларын тез арада онлайн окутуу форматына өтүүгѳ мажбурлады.
Бул илимий изилдөө ишинде билим берүүнүн бул түрүнө студенттердин өздөрү
тарабынан баа берүүлѳрү менен онлайн билим берүүгө өтүүнүн баалуу тажрыйбасы
чагылдырылган. Студенттер өздөрү онлайн окуунун артыкчылыктары менен
кемчиликтерин оффлайн окуу менен салыштырышып, окуу процессин жакшыртуунун
жолдорун сунушташкан.
Ачкыч сөздөр: COVID-19 пандемиясы; онлайн билим берүү; онлайн курстар;
билим сапаты; студенттердин канагаттануусу; жогорку билим; интернет.