СҮЙЛӨӨ КЕБИНИН ѲѲРЧҮҮСҮ КЕЧЕҢДЕГЕН БАЛДАРДЫ РЕАБИЛИТАЦИЯЛОО СИСТЕМАСЫНА ЭРТЕ КИЙЛИГИШҮҮ

Арыкпаева Ч.С., Атыканов А.О.

Аннотация
Бул иште Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо боюнча
адистештирилген борборунда жүргүзүлгөн сүйлөө кебинин өнүгүүсү кечеңдеген 26
баланын реабилитациясы боюнча эрте кийлигишүүнүн натыйжалары берилген.
Көрүлгөн чаралар балдардын 50%да сүйлөө кебинин пайда болушуна жетишүүгө
мүмкүндүк бергени, ал эми 19,2%ында сөздөр жана сөздөрдүн так айтылышы,
ошондой эле кепти түшүнүү бар экендиги көрсөтүлгөн. Бул балдардын 38,4%ын бала
бакчаларга, мектепке чейинки мекемелерге барууга жана 15,4% балдар
коллективинде социалдаштырууну камсыз кылууга мүмкүндүк берди.
Ачкыч сөздөр: балдар, эрте кийлигишүү, сүйлөө кебинин ѳнүгүүсүнүн кечигүүсү,
реабилитация.