ПАЛЛИАТИВДИК ТЕРИ АРКЫЛУУ ТРАНСГЕПАТИКАЛЫК КИЙЛИГИШҮҮЛӨР БООРДУН АЛЬВЕОКОККОЗУНУН ӨТҮШҮП КЕТКЕН ФОРМАСЫНДА
Турар А. Ермеков, Шамиль М. Чынгышпаев
Кыскача мазмуну
Киришүү. Макалада боордун альвеококкозунун өтүшүп кеткен формасында колдонулган чирүү көңдөйүн тери аркылуу трансгепатикалык дренаждоо тажрыйбасы келтирилген. Бул медициналык кийлигишүү паллиативдик дарылоо комплексинде жана бейтапты радикалдык хирургияга даярдоодо колдонулган. Изилдөөнүн жыйынтыгы катары боордун татаал альвеококкозу менен ооруган 20 бейтапты дарылоонун натыйжалары чагылдырылды. Жана ошондой эле оорулуулардын абалын жеңилдетүүдө жана/же аларды ири хирургиялык операцияларга даярдоодо альвеококкалдык көңдөйлөрдү ачык дренаждоо ыкмаларына караганда тери аркылуу трансгепатикалык кийлигишүүлөрдүн жогору натыйжалуулугу көрсөтүлгөн.
Бул макаланын максаты - оорунун татаалдашкан түрлөрүндө паллиативдик терапия катары өт системасына жана боор альвеококкозунун чирүү көңдөйүнө тери аркылуу трансгепатикалык кийлигишүүлөрдүн натыйжалуулугун баалоо.
Колдонулган материалдар жана ыкмалар. Бул эмгек 2010-2019-жылдар аралыгында Бишкектеги хирургиялык клиникаларга боордун альвеококкозунун өтүшүп кеткен формасы менен жаткырылган 20 бейтапты текшерүүнүн жана дарылоонун натыйжаларына негизделген. Бардык бейтаптарга тышкы холангиостомия менен айкалыштырып, чирүү көңдөйүн трансгепатикалык дренаждоо жасалды.
Алынган жыйынтыктар. Чирүү көңдөйүнүн жана өт жолдорунун трансгепатикалык дренажынан кийин, бардык бейтаптар аларда ириң интоксикациясынын жана обструктивдүү сарыктын белгилери төмөндөп, жалпы абалынын жакшыргандыгын көрсөтүштү.
Келтирилген тыянак. Боордун альвеококкозунун өтүшүп кеткен формасында тери аркылуу трансгепатикалык эндобилиардык кийлигишүүлөр менен айкалыштырылган чирүү көңдөйүн тери аркылуу трансгепатикалык дренаждоо ыкмасы ачык хирургиялык дренаж ыкмаларына караганда жогору натыйжалуу паллиативдик терапия жана тандоо варианты болуп эсептелет.
Негизги сөздөр: боордун альвеококкозу, чирүү көңдөйү, трансгепатикалык дренаж, паллиативдик терапия, боордун резекциясы.